Казакстанда учак кулап, эки киши мерт болду

08:40, 22 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Казакстандын Караганда облусунда жеңил учак кырсыкка кабылып, эки экипаж мүчөсү каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Жарандык авиация комитети билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 21-апрель күнү саат 16:25те Балапан аэродромунда машыгуу учууларын аткарган жеңил учак конуп жаткан маалда кырсыкка кабылган.

Учурда өлкөнүн Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигинин алдындагы кырсыктарды иликтөө башкармалыгы тергөө иштерин баштады.