Түркияда кыргыз кыздарды сойкулукка мажбурлагандар кармалды

16:40, 19 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Түркиянын Анкара шаарында полиция кызматкерлери 13 чет элдик кызды сойкулукка мажбурлап жүргөн адамдарды кармаган. Бул тууралуу haberler.com жазат.

Полициянын маалыматы боюнча, атайын операция 11 дарек боюнча жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында 2 тапанча, 42 патрон, 17 телефон, планшет жана 10 миң 995 лира алынган.

Чет элдиктердин арасында 6 кыргызстандык, 4 өзбекстандык жана 3 казакстандык жаран болгон. Көрсөтмө берүү үчүн аларды полиция бөлүмүнө алып кетишкен.