Чүйдө сууга чөгүп кеткен беш жашар баланын сөөгү табылды

14:26, 19 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Чүйдө сууга чөгүп кеткен беш жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ маалымдайт.

Бала Бирлик жана Гроздь айылдарынын ортосунан табылган. Ал сууга түшкөн жеринен 12 чакырым агып

кеткен.

Кырсык 11-апрель күнү саат 18:25 чамасында Ат-Башы каналында болгон. Беш жашар Барсбек ойноп жүрүп, сууга түшүп кеткен.

Издөө иштерине көмөк көрсөтүү максатында Казахстандын Өзгөчө кырдаалдар департаментинен 4 суучул тартылган.