Франция Сооронбай Жээнбековду расмий иш сапар менен күтөт

14:08, 19 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Франция Сооронбай Жээнбековду расмий иш сапар менен күтөт. Бул тууралуу тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун француз кесиптеши Жан-Батист Лемуан менен жолугушуусу учурунда айтылды.

Министрдин билдирүүсүндө, учурда иш сапардын мөөнөтү такталууда.

«Кыргызстан Франциядан инвестицияга кызыкдар. Биздин өлкөдө француз ишканалары ийгиликтүү иш алып барат», — деди министр.