Ботаникалык бакта магнолия күнү өтөт

10:31, 19 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Ботаника багында бүгүн 19-апрелде Магнолия күнү белгиленет.

Жыттуу чоң гүлдөрү бар бул өсүмдүктү жаздын ханышасы деп атап коюшат.

Бүгүн каалоочулар үчүн «Магнолия жана тышта өстүрүлүүчү экзотикалык өсүмдүктөр» деген темада экскурсия уюштурулат.

Ботаника багынын адистери алар тууралуу кеңири маалымат беришет.