«Росинбанк» турак жай жаатында гана насыя берүүчү банкка айланат

10:29, 19 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

«Росинбанк» турак жай жаатында гана насыя берүүчү банкка айланат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Ал банктын уставдык капиталы 3 миллиард сомго көбөйтүлөрүн маалымдады. Аны менен Улуттук банк өзүнүн «Росинбанк» ачык акционердик коомдогу үлүшүн 95 пайызга жеткирет.

«Банк 1 миллиард сомдой насыяны ипотека берүүгө бөлөт», — дейт Толкунбек Абдыгулов.

Улуттук банк өзүнүн үлүшүн сатуу жолдорун дагы караштырып жатат.