10:58
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Жайыл райондук ИИБ башчысынын орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды

Жайыл райондук ИИБ башчысынын орун басары Ч.Б. пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, ИИБ башчысынын орун басары Ч.Б. райондун Жол коопсуздугу бөлүмүнүн инспекторунан 5 миң доллар талап кылган. Ал инспекторго Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштө оң чечим чыгарууну убадалаган.

Шектүү талап кылынган акчанын 40 миң сомун алып жаткан учурда колго түштү.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби