Катардык социолог аялга кантип зомбулук көрсөтүү керектигин көрсөттү

12:50, 18 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Катардык социолог Абд аль-Азиз аль-Хазраджа ялга кантип зомбулук көрсөтүү керектигин көрсөттү. Бул тууралуу ал youtube баракчасында маалымдайт.

Социологдун айтымында, динде эркек аялы анын үйдөгү аброюун тааныгысы келбегенде гана кол көтөрө алат.

«Аялдын бетине, мурдуна, башына урганга болбойт», — дейт ал.

Абд аль-Азиз аль-Хазраджа аялдын эки ийнине гана өтө катуу эмес уруп, денесин силкип коюуга гана мүмкүн экендигин көрсөтөт.