Ката. 2-класстын китебинде айрым сөздөр кыргыз тилине которулбай басылган

09:21, 18 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

2-класстын окуу китебинде айрым сөздөр кыргыз тилине которулбай басылган. Китептеги катаны социалдык тармактын колдонуучулары белгилешти.

Хрестоматия китебиндеги «Калпычы» деген чакан аңгемеде «мужиктер» деген сөз кездешет. Китеп кыргыз тилинде.

Буга чейин дагы бир катар китептерден каталар табылган. Башкы прокуроратура Билим берүү министрлигинине каршы иш козгогон.