16:33, 17 апреля 2019, Бишкек - 24.kg
Өткөн жылы Кыргызстанда 88 өспүрүм өзүнүн жанын кыйган. Бул тууралуу Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал билдиргендей, бул көрсөткүч 2017-жылга салыштырмалуу азайган. Ал жылы 97 учур катталган.
«Суицид жасаган 88 өспүрүмдүн ичинен 34ү эркек баладар, 54ү кыздар болгон. Алардын 83ү мектеп окуучулары», — деди прокурор.
«Өлкө боюнча жогорку көрсөткүчтөр Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарында болууда. Өзүнө өзү кол салуу фактыларын азайтуу максатында прокурорлор мектептерди кыдырып, окуучулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Прокуратуранын бул багытта иштери уланууда», — деп кошумчалады Жамшитов.