11:34, 17 апреля 2019, Бишкек - 24.kg
Аламүдүн районунун Константиновка айылындагы каналга чөгүп кеткен 5 жашар баланы издөө иштерине 115 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады.
Кырсык 11-апрель күнү саат 18:25 чамасында Ат-Башы каналында болгон.
Мындан сырткары издөө иштерине көмөк көрсөтүү максатында Казахстандын Өзгөчө кырдаалдар департаментинен 4 суучул тартылган.
Кеч киргендигине байланыштуу саат 18:00 издөө иштери убактылуу токтотулду, натыйжа болгон жок.
17-апрель күнү издөө иштерин улантуу максатында 115 куткаруучу тартылды.