USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Өмүрбек Текебаевдин иши кайра каралышы мүмкүн

11:28, 17 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Өмүрбек Текебаевдин иши кайра каралышы мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

Анын айтымында, «Ата-Мекен» партиясынын лидеринин жактоочулары жаңы кодекстерге ылайык ишти кайра кароого бере алат.

«Азыр иш Жогорку сотко жөнөтүлгөн. Мыйзам алкагында кароого даярбыз», — деди ал.

Өмүрбек Текебаевдин ишин Жогорку сот 23-апрелде карайт. Ошол эле күнү Эски аянтта партия 6 миң киши топтоп, митинг өткөрөт.

Өмүрбек Текебаев «Жемкорлук» беренеси менен 8 жылга эркинен ажыратылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18