Ноокен районундагы Алаш тоосунан кулаган жаран табылды

15:23, 16 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Ноокен район Тоскоол айылындагы Алаш тоосунда жардан кулаган жаран табылды. Бул тууралуу ӨКМ маалымдайт.

1978-жылы туулган М.И. аттуу киши 15-апрель түнү жардан кулап кеткен.

Бүгүн ал табылып, куткаруучулар тоодон алып түшүшүп, туугандарына өткөрүп беришти. Министрликтин маалыматында, абалы канааттандыраарлык, бутун гана кокустатып алган.