Ак-Ордо жаңы конушунда жашаган эки секелек кыз изделүүдө

14:41, 16 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарындагы Ак-Ордо жаңы конушунда жашаган эки секелек кыз изделүүдө. Бул тууралуу алардын туугандары социалдык тармакка жарыялашты.

1-класста жана 4-класста окуган Айжан жана Айжамал 106-маршруткага түшүп кетип кайтып келген эмес.

«Кыздар бүгүн саат 6:10до Ак Ордо конушундагы Тагай бий көчөсүнөн маршруткага түшүшкөн. Социалдык желедеги топтогу группаларга жөнөтүп, издөө иштерине жардам берүүңүздөрдү өтүнөбүз», — дейт кыздардын туугандары.