Кыргыз-герман бизнес форумунда 11 документке кол коюлду

14:04, 16 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусуда Мюнхен шаарында кыргыз-герман бизнес-форуму болуп өттү. Бул тууралуу өлкө башчысынын аппараты маалымдайт.

Бизнес-форумдун жыйынтыгында Кыргызстан жана Германиянын бизнес компаниялары ортосунда инвестиция тартууга, туризмди өнүктүрүүгө, тигүү өнөр жайы, билим берүү, энергетика, өнөр жай жана башка тармактарда кызматташууга байланыштуу эки тараптуу 11 документке кол коюлду.

Мамлекет башчысы форумда сөз сүйлөдү, кыргыз жана немис ишкерлери өздөрүнүн бет ачарлары менен тааныштырышты.

Кыргызстандын Бавариядагы Ардактуу Консулу Тюрингии Райнхольд Крэммель бавариялык бизнес-коомчулуктун атынан Президент Сооронбай Жээнбековго форумга катышканы жана мазмундуу сөзү үчүн ыраазычылык билдирди.