12:19, 16 апреля 2019, Бишкек - 24.kg
Чүй облусунун Дача-СУ айылына Боинг-474 учагынын кулашы боюнча козголгон кылмыш иши карай жанданды. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште комитеттик жыйында билдирди.
«Бирок мен иштин кызыкчылыгы үчүн ачык маалымат бере албайм», — деди Өткүрбек Жамшитов.
2017-жылы 16-январдын таңында айылга жүк ташуучу Boeing-747-400 учагы кулап түшкөн. Кырсыктан Кыргызстандын 35 жараны жана Түркиянын жараны болгон төрт экипаж мүчөсү мерт болгон.
Белгилей кетсек, жүк ташуучу Боинг-474 учагы экс-президент Алмазбек Атамбаевге тиешелүү товарды Кыргызстанга ташып келе жатканы дагы айтылган.