11:55
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тарых музейин оңдоо боюнча алты кишиге айып тагылды

Улуттук тарых музейин оңдоо боюнча алты кишиге айып тагылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

Анын маалыматында, Сапар Исаков, Мира Карыбаева, Алмазбек Абдыкаров, Айдарбек Мендеев, Улукбек Матисаков жана Шайбек Атабековго «Жемкорлук» беренеси менен айып тагылды.

«Мамлекетке зыян 307 миллион 650 миң сомду түздү. Бул айып тагылгандардын баардыгы эмес», — дед Өткүрбек Жамшитов.

Башкы прокурор Тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ипподромду оңдоо иштери бириктирилгенин кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар