Кыргызстанда туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн тартыштыгы жаралууда

14:36, 15 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн кагазы түгөп калды. Бул тууралуу маалыматы Мамлекеттик каттоо кызматынан ырасташты.

Алардын айтымында, кагаздарды басып чыгаруучу «Госзнак» ишканасы тапшырыкты кечеңдетип жатат.

«2-3 күндүн ичинде күбөлүктү берүү кайра жолго коюлат», — деп билдиришти Мамлекеттик каттоо кызматынан.