Аба-ырайы. Эртең тоолуу аймактарга кар түшөт

12:57, 15 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

16-17-апрелде Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Өлкө аймагында 16-17-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-апрелде Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетет.

18-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

19-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.