Бурак Өзчивит менен Фахрие Эвжен уулдуу болушту

10:10, 15 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Түрк актёру Бурак Өзчивит менен Фахрие Эвжен уулдуу болушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 13-апрелде Фахрие Эвжен көз жарды. Ымыркайдын салмагы 3 килограмм 670 грамм, бою 52 сантиметр. Алар уулуна Каран деген ысым ыйгарышты. Фахрие Эвжендин жана баланын абалы жакшы, алар жакынкы күндөрү төрөтканадан чыгышат.

Фото

Актерлор азырынча кубанычы менен инстаграмдагы күйөрмандары менен бөлүшө элек.