09:33, 15 апреля 2019, Бишкек - 24.kg
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Өзбекстанга алгачкы мамлекеттик сапар менен барат.
19-мартта Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев кызматтан кетип, анын ордуна парламент төрагасы Касым-Жомарт Токаев келген.
Мамлекет башчысы болгондон кийин Токаев алгач расмий сапар менен Орусияга барган.