09:20, 15 апреля 2019, Бишкек - 24.kg
Майлуу-Суу шаарында жоголгон 15 жашар табылды. Бул тууралуу 24.kg Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Диляра Абдурасулова үйүнөн качып кеткен. Азыр анын бул кадамынын себептери такталууда.
Эскерте кетсек, Диляра Абдурасулованы 6-апрелден баштап милиция издөөгө алган.