08:58, 15 апреля 2019, Бишкек - 24.kg
Бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун Германияда расмий иш сапары башталат. Ал кечээ Мюнхен шаарына учуп келди.
Визиттин биринчи күнү экономикалык блокко арналат. Мамлекет башчысы кыргыз-немис экономикалык форумга катышат, Х.Зайдель атындагы Фонддо сөз сүйлөйт. Андан тышкары, айыл-чарба ишканасына барат.
Мюнхен шаарында президент Сооронбай Жээнбеков Бавариянын мамлекеттик канцеляриясынын башчысы, Бавариянын федералдык жана европалык маселелер, ММК маселелери боюнча мамлекеттик министр Флориан Херман менен, экономика, өнүгүү жана энергетика мамлекеттик министри, Бавариянын Премьер-министринин орун басары Хуберт Айвангер менен жолугушат.Мамлекет башчысы ошондой эле Германияда иштеп, жашаган кыргызстандыктар менен да кезигишет.
Сооронбай Жээнбеков менен Ангела Меркель прессага билдирүү жасашат.