14:37
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Саясый тандем. Достук, бийлик, кызыкчылык

Кыргыз саясатчыларынын эң бир өзгөчөлүгү — туруксуздугу. Албетте тез-тез өзгөрүүлөрдү, ары-секирүүлөрдү элдин кызыкчылыгына шилтеп кутулушат. Иш жүзүндө, саясый билимдин жана маданияттын жоктугун, бийлик аркылуу мансап жана байлык үчүн гана күрөш жүрөрүн далилдешти. Мындан улам алардын биригүүлөрү дагы «жасалма нике» болуп, программа, мүдөө, ойлорду эмес, кыска кызыкчылыктарды ишке ашыруу максатында түзүлөрүн далилдеди.

24.kg агенттиги акыркы жылдары түзүлгөн саясый тандемдерди жана алардын ажырашуу себептерин тизмектеди.

Тандем фронт менен аяктап

Мурдакы президент Курманбек Бакиев менен «Ар-Намыс» партиясынын лидери Феликс Куловдун 2005-жылы тандем түздү. Алар Кыргызстанды бөлүп -жарбай шайлоого чогуу аттанган. Бирок, алардын эл көзүнө идеалдуу көрүнгөн биримдиги, бийлик талаштан эки жылдан кийин кыйроого учурады. Президент менен премьердин ортосунда такай тирешүү үчүн, бири-бирине тымызын каршы иш жүргүзүп келгени айтылат.

Феликс Кулов 2007-жылы конституциялык реформа, президенттик шайлоо талабы менен Ала-Тоо аятында митинг баштайт.

Бакиевдин экинчи саясый «никеси»

Феликс Кулов менен кол үзүшкөн Курманбек Бакиев көп күттүрбөй эле анын ордуна КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев менен келишим түзөт. Алмазбек Атамбаев өкмөттү жетектөөгө макулдук берет. Бирок, Алмазбек Атамбаев капылеттен отставкага арыз жазат. Айтмакчы, Курманбек Бакиев бул өнөктөшү менен тынч ажырашып, «Даңк» сыйлыгын ыйгарганы дагы бар.

Айтмакчы, кийин Курманбек Бакиев Алмазбек Атамбаевди кызматка алганын өзүнүн эң башкы катачылыгы катары көрсөтөт.

Бирок, Алмазбек Атамбаев өз өкүнүчтөрүнүн катарында Курманбек Бакиевдин камчысын чаап, аянттагы оппозиционерлерди кууп таркатканы айтылбайт.

Атамбаев Бабановду келечекке таптап

Өмүрбек Бабанов менен Алмазбек Атамбаевдин жолдору саясатта кайра-кайра кесилишип турат. Бабанов бир кезде Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын мүчөсү болуп, парламенттик тизмеге киргени да бар. Алмазбек Атамбаевдин өкмөтүндө вице-премьер-министр болуп иштеген.

Бирок, 2010-жылы өзүнүн «Республика» партиясын түзүп, шайлоого өз алдынча аттанган. Атамбаев Бабановго 2017-жылкы шайлоодо кыйыр колдоо көрсөтүп турганы айтылат. Анүстүнө Өмүрбек Бабанов Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия менен күйөө баласы Константиндин өкүл атасы.

Ташиев менен Бабановдун үзүлбөгөн үмүтү

2014-жылкы парламенттик шайлоо алдында жаңы тандем пайда болду.

Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев 2010-жылдан кийин бир нече саясый ката кетирип, саясый рейтингин түшүрүп алганы бар.

Андыктан, алар 2015-жылкы шайлоого чогуу аттанмай болушат. Алар биргеликте «Республика-Ата-Журт» партиясын каттоодон өткөрүп, шайлоодо жеңишке жетише алды.

Бирок, добуш берүү күнүнө аз калганда Камчыбек Ташиевга чатакка аралашып, анын талапкерлиги тизмеден чийилген. «Ата-Журттун» лидери Жогорку Кеңешке депутат боло албады.

Бир жылдан кийин тандем бузулгандыгы жарыяланды.

«Биз сүйлөшү менен тынч ажыраштык. Эми парламенттеги гана «Республика- Ата- Журт» фракциясы калат», — деп билдирген Камчыбек Ташиев.

Камчыбек Ташиев 2017-жылы президенттик шайлоодо, Өмүрбек Бабановду эмес, анын атаандашы Сооронбай Жээнбековду колдоп чыкты.

Бирок, 9-апрелдеги маалымат жыйында Камчыбек Ташиев 2016-жылы эле Бабанов менен ажырашып кеткенин моюнга албай, тандеми күчүндө экенин белгилеп, «Республика-Ата-Журт» партиясын кайра жандантууга даярдыгын айтты.

Бабановдун дагы бир кыска тандеми

Өмүрбек Бабанов 2017-жылкы шайлоого дагы жалгыз барбай, дагы өнөктөш издеп баштайт. Бул жолу «Өнүгүү» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев менен биригет. Шайлоодон уткан учурда Бабанов Төрөбаевди премьер-министр кылып дайындоону убадалайт.

Бир билдирүү менен чектелген үчилтик

Камчыбек Ташиев 2017-жылы жергиликтүү кеңешке шайлоого Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров менен чогуу бармай болот. Аларга төртүнчү болуп, «Өнүгүү» партиясы да кошулат. Алар бир партия түзөрүн жарыялашат. Бирок, ошондон кийин үчилтик түбү менен жоголот.

Мадумаров олигархка ыктап

Ага чейин «Бүтүн Кыргызстан» саясый партиясынын лидери Адахан Мадумаров «Эмгек» партиясынын башчысы Аскар Салымбеков менен келишим түзүп, 2015-жылкы шайлоого катышат. Шайлоодогу утулуштан кийин тандем ыдырайт. 2017-жылкы президенттик шайлоодо Аскар Салымбековдун Адахан Мадумаровду колдогону байкалган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар