16:41, 12 апреля 2019, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеӊештин көпчүлүк коалициясы өкмөттүн 2018-жылдагы ишин канааттандырарлык деп тапты. Чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынды.
«Кемчиликтерди айттыңыздар, эми анын баары бизге сабак болот. Отчеттон кийин эмне болобуз деп күтүп жаткандар да бар эле. Эми жаңы күч менен ишке киргенге кадам таштайбыз», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт 2018-жылдын 20-апрелинде дайындалган.