USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Өмүрбек Бабановдун жээни беш саат суракка алынды

10:29, 12 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Өмүрбек Бабановдун жээни Жаныбек Мырзабаевди Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматы беш саат суракка алды. Бул тууралуу «Республика» партиясы билдирди.

Маалыматка караганда, Жаныбек Мырзабаев «Кыргызстан» банкы боюнча күбө катары суралды.

Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматы азырынча бул боюнча маалымат бере элек. Банктын ишинин алкагында кандай тергөө иштери жүрүп жатканы дагы белгисиз.

Партия Жаныбек Мырзабаевдин сурагын Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келишине карата кысым катары кароодо.

Кечээ «Кыргызстан» банкынын мурдакы акционерлери дагы сурак бергени маалымдалат. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18