20:58
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргызстанда туризмдин ички дүң өндүрүмдөгү үлүшү 5 пайызды түздү

Кыргызстанда туризмдин ички дүң өндүрүмдөгү үлүшү 5 пайызды түздү. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү маселелерин координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйынында айтылды.

Жыйындын жүрүшүндө 2018-жылдагы туристтик сезондун жыйынтыгы чыгарылып, «Кыргыз туризм» Мамлекеттик ишканасын өнүктүрүү концепциясы сунушталды.

Өкмөттүн билдирүүсүндө, 2018-жылы туризмдин ички дүң өндүрүмдөгү үлүшү 4,99 пайызды түздү. Кыргызстанга 6 миллион 946 миң турист келди. Туристтик ишмердиктен республикалык бюджетке салыктык түшүүлөр 107 миллион сом болду.

Өкмөт аймактарды бренддөө иштерин жүргүзүп, туристтик тармакты өнүктүрүү программасы иштеп чыкмакчы. Ар бир облуска «Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасынын өкүлү бекитилет.

Эң көп окулган жаңылыктар