Кантта уурдалган 12 жашар бала изделүүдө

14:02, 11 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Кантта уурдалган 12 жашар бала изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Алардын маалыматында, 12 жаштагы Данил Браилкинди бүгүн эртең менен мектепке бара жаткан жеринен саат 8.40 өткөндө «Хондо Фит» унаасына салып кетишкен.

Фото

«Адам уурдоо» беренеси менен иш козголуп, издөө жүрүүдө.