12:44, 11 апреля 2019, Бишкек - 24.kg
13-апрелде Бишкек гана эмес, Нарын, Талас, Караколдо митинг өтөт. Бул тууралуу жарандык активист Эдил Байсалов билдирди.
Анын айтымында, маалыматты «Республика» партиясынан ырасташты.
Буга чейин Өмүрбек Бабановдун тарапташтары Бишкек шаарында 10 миң киши чогулган митинг өтөрүн маалымдашкан.
Өмүрбек Бабанов өзү бир жыл мурда саясаттан кеткенин жарыялап, андан кийин дагы бир нече жолу аны саясатка аралаштырбоону өтүнгөн.