ИИМ 1,5 ай мурда жатак абагына чыгарылган «Дөө Чыңгызга» издөө жарыялады

12:04, 11 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

ИИМ 1,5 ай мурда жатак абагына чыгарылган «Дөө Чыңгыз» каймана аттуу Чыңгыз Жумагуловго издөө жарыялады. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.

Алардын маалыматында, 1981-жылы туулган Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү Чыңгыз Жумагулов февраль айында жатак абагына чыгарылган

Ал 2016-жылы адам өмүрүнө кол салууну уюштуруу беренеси менен соттолгон.

ИИМ кечээ Бишкектеги № 2 төрөт үйүнүн алдына ташталып кеткен эки жаранды Чыңгыз Жумагулов сабады деп, ага издөө жарыялады.

Белгилей кетсек, оорукананын алдына ташталгандардын экөө тең уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрү, бирөө каза тапты.