Өзбекстанда жаңы төрөлгөн ымыркайды сатып жиберген акушер кармалды

09:08, 11 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Ташкент облусунун Янгийул районунун төрөт үйүнүн акушер-гинекологу жаңы төрөлгөн ымыркайды 100 долларга сатуу айыбы менен кармалды.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы кабарлагандай, акушер-гинеколог 1-апрелде көз жарган энеге кызы өлүп калганын айткан. Ал ымыркайды башка бир аялга каттаган жана 100 доллар алган.

Бул факт боюнча акушер-гинекологго кылмыш иши козголду. Тергөө иштери жүрүүдө.