Атамбаев тарап президенттин пресс-катчысынын билдирүүсүн «калп» дейт

17:45, 10 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Президенттин мурдакы аппарат башчысы Фарид Ниязов президенттин маалымат бөлүмүнүн катчысы Толгонай Стамалиеванын Facebook баракчасындагы билдирүүсүнө жооп берди.

Ал майда тарынычтарга көңүл бөлбөстүгүн айтып, бирок, айрымдарына жооп берүүнү туура көргөн.

Ал Сооронбай Жээнбеков КСДПнын талапкерлеринин тизмесинде 2016-жылдан тарта алдынкы орунда туруп, 2017-жылы ушул максатта премьер-министрликке көрсөтүлгөнүн белгилейт.

«Ал эми Нурсултан Назарбаев менен мамилесин Өмүрбек Бабановду кабыл алганы үчүн бузуп алды. Алмазбек Атамбаевдин Бабановдун бул кадамын сынга алышы анын рейтингине терс таасирин тийгизип, Сооронбай Жээнбековдун пайдасына ойноду», — дейт ал.