Сузакта жамгырдан кийин 9 үйдүн короосун суу каптады

15:43, 10 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Сузакта катуу жааган жамгырдан, ички чарбалык сел арыктардан суу ашып, 9 турак үйлөрдүн короо жайларын суу каптады. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.

Алардын маалыматында, Караган, Кызыл-Туу айылындагы үйлөргө суу кирди.

«Тартылган күч каражаттардын жардамы менен суунун нугун башка каналга буруу жана жээкти бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө», — дейт ӨКМ.