Сузакта катуу жааган жамгырдан, ички чарбалык сел арыктардан суу ашып, 9 турак үйлөрдүн короо жайларын суу каптады. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.
Алардын маалыматында, Караган, Кызыл-Туу айылындагы үйлөргө суу кирди.
«Тартылган күч каражаттардын жардамы менен суунун нугун башка каналга буруу жана жээкти бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө», — дейт ӨКМ.