15:10, 10 апреля 2019, Бишкек - 24.kg
Өткөн жылы социалдык секторго болгон бюджеттик чыгымдар ИДПнын көлөмүнө 55,2 % болду. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.
Анын айтымында, гемодиализ алган жарандарга Жалал-Абад, Бишкек шаарларында атайын борборлор ачылды. Эми ушул жылдын акырына чейин Ош шаарында дагы бир борбордун ачылышы күтүлүүдө. Жалпысынан, 1 миң 336 киши гемодиализ алышат. Анын 575синин дарылануусун мамлекет төлөйт.
Бакча курагындагы балдардын 3- 7 жаштагыларынын 41%ы ар кандай программаларга катышууда. Сегиз балдар бакчасы өз багытында иштөөгө кайтарылып берилген.