Эртең президент Жогорку Кеңеште сөз сүйлөйт

14:30, 10 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков эртең Жогорку Кеңешинин жыйынында сөз сүйлөйт. Бул тууралуу өлкө башчысынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Сооронбай Жээнбековдун эмне себептен депутаттардын жыйынына катышары айтылбайт.

Белгилей кетсек, президент ЖКга жаңы өкмөт мүчөлөрү ант берип жатканда, же өзүнүн депутаттарга кайрылуусу болгондо гана келет.