Дүйнөлүк олимпиадага тандоо. Сапатсыз суроолор, адилетсиздик

13:31, 10 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Математика сабагы боюнча дүйнөлүк олимпиадага катыша турган окуучулардын ата-энелери тандоо туруна нараазы. Бул тууралуу алардын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева кайрылуусунда айтылат.

Кайрылууда, тандоо туру дүйнөлүк олимпиаданын стандартына ылайык өтпөй жатканын, суроолор сапатсыз түзүлүп калгандыгы белгиленет.

Ата-энелер Кыргызстандын атынан бара турган курама команда эң мыкты окуучулардан куралы керектигин айтышып, министрликтен буга чейинки тандоо турунун жыйынтыгын жокко чыгарып, стандартка ылайык өткөрүп берүүсүн талап кылууда.

«Жергиликтүү математик мугалимдердин ошол тандоо турун өткөрүүгө компетенциясы тура келбейт экен. Былтыры да ызы-чуу болуп, Казакстандан суроо келип, казактар өздөрү текшерип, анан маселе чечилген болчу. Быйыл да ошол нерсе кайталанып, азыр балдардын шагы сынып, жаман болуп жатышат. Сапатсыз суроолор түзүлүп, бир эле тур менен өткөрүп салыптыр. Биздин талап тандоо турун дүйнөлүк олимпиаданын стандарына ылайык өткөрүп берсин. Эгерде тандоо туру талапка ылайык уюштурулуп, менин балдарым өтпөй калса да ыраазымын. Эң негизги максатыбыз — чыныгы кыйын окуучуларды жиберүү», — дейт буга чейин эки ирет дүйнөлүк олимпиадагы катышып, байгелүү орундардын алып келген окуучулардын атасы Тургундай Алдакулов.

Быйылкы жылы математика боюнча дүйнөлүк олимпиада июль айларында өтөт. Сынакта алты окуучудан турган курама команда Кыргызстандын намысы үчүн ат салышат.