Баткенде эмдөөдөн кийин мектеп окуучулары ооруканага түштү

11:12, 10 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Баткенде эмдөөдөн кийин мектеп окуучулары ооруканага түштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карамат Орозова билдирди.

Депутаттын билдирүүсүндө, айрымдары оор абалда.

«Ушундай маалыматтан кийин адамдар эмдөөдөн качып калышат», — деди ал.

Саламаттык сактоо министринин орун басаыр Мадамин Каратаевдин айтымында, Баткенде 5-класстын окуучулары эмдөөдөн кийин эс-учун жоготушкан. 12 окуучу ооруканага жаткырылган.