Валентина Шевченконун Оштогу бийи фанаттардын купулуна толду

10:11, 10 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

UFC чемпиону Валентина Шевченко Ош шаарынын башкы аянтында «Кара жорго» жана лезгинка бийледи.

Валентина Шевченко Кыргызстанга сапарынын алкагында кечээ Ош шаарында жолугушууларды өткөргөн. Аны менен жүз көрүшүүгө фанаттары аянтка топтолушту.

Спорт чеберинин бийин фанаттары колдоп тосуп алышты.