USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Кылмыштуу топко тиешеси бар делген атайын тизмеде 1 миң 35 киши катталган

17:15, 09 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев депутаттарга Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтун саны канча экенин айтты.

Анын билдирүүсүнө караганда, ИИМдин тизмесинде 3 топ каттоодо турат, анда 210 киши катталган. 2017-жылы уюшкан кылмыштуу топтун курамында 241 киши турганын айтты.

Депутат Мирлан Жээнчороев ИИМ кызматкерлери туура эмес маалыматты берип жатышат деди. Айтымында, ар ким ар кайсыл санды кеп кылып жатат.

Кашкар Жунушалиев кылмыштуу топко тиешеси бар делген атайын тизмеде 1 миң 35 киши катталып турганын айтты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика