17:55, 09 апреля 2019, Бишкек - 24.kg
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде (08.04.19ж.) 270 бейтап кайрылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кайрылгандардын ичинен 188и жаш балдар.
«Кайрылгандардын 75и ооруканага жаткырылган, алардын 62си жаш балдар. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 61 адам кайрылса, алардын 22си ооруканага жаткырылып, 39 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 37 адам кайрылса, 14ү ооруканага жаткырылган.Кызамык оорусу менен 10 адам кайрылып, алардын 9у ооруканага жаткырылган», -деп билдиришти министрликтен.