Сот департаментинин имаратынан ноутбуктарды уурдаган шектүү кармалды

15:36, 09 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Сот департаментинин имаратынан ноутбуктарды уурдаган деген шек менен бир киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти.

Маалыматка ылайык, уурдалган буюмдар тууралуу арызы менен департаменттин маалымат катчысы кайрылган. Анда 1-марттан 29-мартка чейинки аралыкта шектүү киши имаратка кирип 15 ноутбукту көтөрүп кеткени айтылат. Техниканын жалпы баасы 700 миң сомду түзөт.

Аталган окуяга шектүү делип 1995-жылы төрөлгөн М.С. аттуу жаран кармалды. Анын үйүн тинтүү маалында Сот департаментинен уурдалган 11 ноутбук табылды. Калган төрт ноутбук кайда экени иликтенип жатат.