Кыргызстандын четтеги элчиликтеринин бирдиктүү интернет баракчасы ачылды

14:17, 09 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын четтеги элчиликтеринин бирдиктүү интернет порталы ишке кирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Эми Кыргызстандын баардык өлкөлөрдөгү элчиликтеринин маалыматтары бул баракчада болот.

«Максат коюп, коптон бери даярдаган ТИМдин жаны интернет-порталы ишке ашырылып иштей баштады. Мекендештерибизге, жарандарга ыңгайлуу болот деп терең ишенем», — деп жазды министр Чыңгыз Айдарбеков.