Сапар Исаков ага каршы козголгон кылмыш иши «саясий мүнөзгө» ээ экенин билдирди

14:07, 09 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

9-апрелде мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ЖЭБин жаңылоо учурундагы коррупция иши боюнча соттук отурумдун алдында билдирүү таратты.

Анын айтымында, тергөөнүн жыйынтыктары менен кылмыш ишинин «саясий жана буюртма» мүнөзүнө ээ экени далилденген. Билдирүүдө «ЖЭБдеги аварияга күнөөлүү кишилер жана ЖЭБди 2017-2018-жылдагы күзгү-кышкы жылытуу маалына даярдоодо борбордун эски бөлүктөрүндө сапатсыз ремонт жасагандар жашынып алышып, саясий буюртмаларды аткарышууда».

«Жеке мени кытай компаниясынын кызыкчылыктарын коргогон деп жөнсүз күнөөлөп жатышат. Долбоорду ишке ашыра турган бул жалгыз компания кимдир бирөө тарабынан эмес, Кытай өкмөтү тарабынан аныкталган. Бул Кытайдын укугу болгон, себеби ал борборду жаңылоо долбоорун каржылаган», — деген Исаков.

Исавков «ата-энеси жана улуу агалары тарабынан паракорлор менен жемкорлорду жек көргөндөй тарбия алганын» кошумчалаган.

Тергөө ЖЭБди жаңылаш үчүн Кытайдан алынган 386 миллион долларды колдонууда коррупцияга жол берилген деп эсептейт. Бул иштин алкагында айып коюлгандардын арасында мурдагы аткаминерлердин жоон тобу: мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаков, экс-министрлер Осмонбек Артыбаев жана Ольга Лаврова, «Улуттук энергохолдингдин» мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов бар.

3-апрелде башталган ЖЭБдеги коррупция боюнча алгачкы ачык сот процесси көпкө созулган эмес. Айыпталуучулардын бири Айбек Калиевдин адвокаты сотко келбей калгандыктан жараян 10-апрелге жылдырылган.