21:54
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

«Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсү. Бүгүн Монголия маданиятын таанытат

Бүгүн Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде «Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсүнүн алкагында Монголиянын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өздөрүнүн маданиятын таанытышат. 

Иш-чаранын жүрүшүндө монгол элинин улуттук кийимдери, улуттук оюндары элдин сынына коюлат.

Эске салсак, иш-чара «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана «Кийиз дүйнө» коомдук фондунун колдоосу менен уюштурулду. 28-апрелге чейин Жибек жолу кесип өткөн өлкөлөрдүн Кыргызстандагы 16 элчилиги катышып, ар бири бөлүнгөн бир күндө өз өлкөсүн таанытат. Көргөзмөгө Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Кытай, Индия, Иран, Түркия, Монголия, Жапония, Түштүк Корея, Пакистан, Ооганстан жана Орусия өлкөлөрүнүн элчиликтери катышат.

Эң көп окулган жаңылыктар