Дастан, күү, ыр. Бишкекте салттуу музыка жумалыгы өтөт

11:06, 09 апреля 2019, Бишкек - 24.kg , Элеонора КЫДЫРОВА

20-апрелден 25-апрелге чейин Бишкекте салттуу музыка жумалыгы өтөт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-апрель -Дастан күнү, 23-апрель -Күү күнү жана 24-апрель -Ыр күнү белгиленет.

Концерт Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында өтөт. Кирүү акысыз.

25-апрелде Гала-концерт Ала Тоо аянтында саат 17:30да башталат.