Өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө отчету канааттандырарлык деп табылды

09:39, 09 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө отчету канааттандырарлык деп табылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров өкмөттүн былтыркы иши жөнүндө баяндама жасады.

Былтыр өкмөттүн «Жаӊы доорго кырк кадам» программасынын максаттарын ишке ашыруу 90 пайызга, «Биримдик, Ишеним. Жаратмандык» программасынын максаттары 91,1 пайызга аткарылган. Экономикалык өсүш 2018-жылы болжолдуу көрсөткөчтөн 0,7 пайыздык пунктка ашты. Өткөн жылы салыктык кирешелердин жалпы көлөмү 116 613,7 миллион сомду түздү, мурунку жылга салыштырганда 13 245,8 миллион сомго көп болгон.