Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газын берүү убактылуу чектелет

09:22, 09 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газын берүү убактылуу чектелет. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын ЖМК жана коом менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-12-апрелде оңдоо иштерине байланыштуу газ төмөнкү даректерде берилбейт:

  • М.Ганди, Түлөбердиев, Кокчетавская, Манас, Васильев;
  • Исанов, Фрунзе, Тоголок Молдо, Жибек Жолу.