Бүгүн НТС телеканалы Өмүрбек Бабановдун интервьюсун көрсөтөт

09:17, 09 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн НТС телеканалы Өмүрбек Бабановдун интервьюсун көрсөтөт. Бул тууралуу саясатчы facebook баракчасында билдирди.

Ал 1,5 жылдан бери биринчи жолу журналисттер менен жолугуп жатканын белгилейт.

«Миржан жетектеген НТС каналынын тобу менен, жана Мирсулжан менен жолугуштум, туруктуу колдоо көрсөтүп келгендерине абдан ыраазымын. Анан 1,5 жылдан бери эң алгачкы жолу интервью бердим... кичине көнпөй калганым сезилди», — дейт Өмүрбек Бабанов.

Интервью бүгүн саат 19:40та көрсөтүлөт.