12:49, 08 апреля 2019, Бишкек - 24.kg
Москвадагы Аксакалдар кеңеши «Сармерден» оюнун убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу алардын билдирүүсүндө айтылат.
Аксакалдар кеңеши кезексиз жыйынга топтолуп, 31-март күнү өткөрүлгөн «Сармерден» оюнундагы чырды карап чыкты. Алар келишпестиктерде уюштуруу форматы айыптуу деп эсептейт.
Уюштуруучу Гүлшайыр Мурзабаеваны буга чейин дагы «Сармерден», «Ыр-кесе» кечелерин уюштуруудагы кемчиликтери үчүн маданий иш-чаралардан четтетүү айтылат. Анын ордуна Москвадагы кыргыз маданий борборунун жетекчилигине башка талапкерли карооо, ал эми оюнду убактылуу токтотуу сунушталат.
«Ала-бука менен Ноокен райондорунун арасында өткөрүлгөн Сармерденде калыстар тобунун төрайымы Өмүралиева кетирген кемчиликтери үчүн эскертүү берилип, калыстар тобунан четтетилсин. Социалдык тармактарда «Сармерден» тууралуу тартышуулар токтотулуп, анын милдети Ноокен жана Ала-Бука районунун аксакалдарына тапшырылат», — деп жазылат чечимде.
Аксакалдар кеңеши мындан ары «Сармерден», «Ыр-Кесе» жана башка маданий иш-чаралар Москва шаары жана Москва облусундагы кыргыз диаспорасынын Жогорку аксакалдар кеңешинин көзөмөлүндө болуп, аны өткөрүү кыргыз диаспорасынын Координациялык кеңешине жүктөлөрүн билдирет.
Белгилей кетсек, 31-мартта Ала-бука менен Ноокен райондорунун Москва шаарындагы өкүлдөрүнүн ортосунда өткөн «Сармерден» оюунун жыйынтыгы мигранттар арасында нараазычылык туудуруп, социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан.